Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө тиешелүү жер аянтында салынып жаткан спорт комплекске кирип-чыгуучу жолдун күн батыш тарабындагы муниципалдык жер аянтын оперативдик башкарууга берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз X сессиясынын

 

ТОКТОМУ №10-2

 

29-август 2025-жыл                                                                                      Ат-Башы айылы          

                                                                

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө тиешелүү жер аянтында салынып жаткан спорт комплекске кирип-чыгуучу жолдун күн батыш тарабындагы муниципалдык жер аянтын оперативдик башкарууга берүү жөнүндө

 

          Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына таянып, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 30-июлундагы №23-6/4958 сандуу кайрылуусун карап чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө тиешелүү М. Жунусов көчөсү №7 дарегинде жайгашкан жер аянтында салынып жаткан спорт комплекске кирип-чыгуучу жолдун күн батыш тарабындагы 25 чарчы метр муниципалдык жер аянты оперативдик башкарууга берилсин;
  1. Жер тилкесинин чектерин тактоо жана тиешелүү техникалык документтерди даярдоо иши Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу

 

                                                                                                                         Каттоо № 56

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
622
11
66
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет