Ат-Башы айылынын “Улан-2” конушундагы 0,40 га жер тилкесин Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-2
9-сентябрь 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын “Улан-2” конушундагы 0,40 га жер тилкесин Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына таянып, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 29-августундагы №23-6/5476 сандуу кайрылуусун карап чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын “Улан-2” конушунда жайгашкан 0,40 гектар жер тилкеси Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө 107 орундуу бала бакча куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;
- Берилген 0,40 га жер тилкеси муниципалдык менчиктеги жер болуп калтырылсын;
- 0,40 га жер тилкеси Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө мурда көп кабаттуу турак жай куруу үчүн берилген 0,60 га жер аянтына жакын жайгашкан жерден берилсин.
- Жер тилкесинин чектерин тактоо жана тиешелүү техникалык документтерди даярдоо иши Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 59

