Ат-Башы айыл аймагына караштуу ички чарбалык каналдарды жана ирригациялык курулмаларды Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-4
9-сентябрь 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагына караштуу ички чарбалык каналдарды жана ирригациялык курулмаларды Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына
өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207 токтомунун негизинде сугат системаларын эффективдүү пайдалануу жана тейлөөнү жакшыртуу максатында, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагындагы жалпы узундугу 70,282 км болгон ички чарбалык каналдар жана ирригациялык курулмалар мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин;
- Каналдардын жана арыктардын жээгинде жайгашкан үлүш жерлерине берилүүчү канал-арык зоналарына тиешелүү жер тилкелери (үлүш жерлер) киргизилбесин;
- Жогоруда аталган ирригациялык объекттерди өткөрүп берүүгө байланышкан бардык иштер тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
- Бул токтомду аткаруу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 61

