Делегаттардын санын, жумушчу топтун курамын бекитүү жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны өтүүчү жайды аныктоо жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XII сессиясынын

ТОКТОМУ

 

14-октябрь 2025-жыл № 12-1                                                                        Ат-Башы айылы 

 

 

Делегаттардын санын, жумушчу топтун курамын бекитүү жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны өтүүчү жайды аныктоо жөнүндө

 

             Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” № 270 Жарлыгына жана Уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык, III Элдик Курултайдын Улуттук Кенеши 2024-жылдын 21-декабрында кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алып, ошондой эле мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 9-октябрындагы № 9 корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

  1. 2025-жылдын 1-ноябрында ишемби күнү Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны чакыртылсын жана “Чатыр-Көл” кинотеатрынын жыйындар залында саат 11.00 дө өткөрүлсүн.
  2. Ат-Башы айыл аймагындагы жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын өкүлдөрүнүн (делегаттарынын) саны 100 адам деп бекитилсин, анын ичинде:
  • Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы  – 30
  • Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы – 30
  • Ача-Кайынды айылы – 20
  • Ак-Жар айылы – 20.
  1. Ат-Башы айыл аймагында жарандардын жыйынында жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын өкүлдөрүн (делегаттарын) шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Жарандардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобунун курамы бекитилсин:

- У. Мелис уулу, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы - жумушчу топтун төрагасы;

- Н. Кемелова, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы-   жумушчу топтун катчысы;

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

- С. Өмүралиев –   Аксакалдар сотунун төрагасы;

- Н. Жаныгулова -  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;  

- М. Мамыралиев - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;  

- И. Абдыкеримов – Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;    

- Б. Кубанычбеков  –  Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;                                                                             

- А. Бейшенбек кызы –  Ат-Башы айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн экономист-статисти;

- Б. Абдыразакова – Ат-Башы айылынын аялдар кенешинин төрайымы;

- Т. Советбеков – Ат-Башы айылынын жаштар кенешинин төрагасы.

  1. Жарандардын жыйынында делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттарынын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жумушчу топ менен биргеликте иш жүргүзүшсүн.
  2. Жыйын өтүүчү жайларды, материалдык-техникалык керектөөлөрдү камсыз кылуу, жыйындарды өткөрүүгө көмөктөшүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн;
  3. Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо жагы Ат-Башы РИИБге тапшырылсын.
  4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                     У. Мелис уулу 

 

 

                                                                                                                                                      

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                      кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы

                                                                                   кезексиз XII сессиясынын

                                                                                              №12-1 токтомуна 1-тиркеме

 

 

Ат-Башы айыл аймагындагы жарандардын жыйынында делегаттарды шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги

 

Квартал

Өткөрүү күнү, жери

Өткөрүү жери

Сааты

1

Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы

21.10.2025

 

“Чатыр-Көл” кинотеатрынын жыйындар залында

14.00

2

Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы 

21.10.2025

 

К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин жыйындар залында

16.00

3

Ача-Кайынды айылы

22.10.2025

Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн имаратынын жыйындар залында

14.00

4

Ак-Жар айылы

22.10.2025

Ак-Жар

Маданият үйүнүн имаратынын жыйындар залында

16.00

 

 

 

            Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                         кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы

                                                                                   кезексиз XII сессиясынын

                                                                                         №12-1 токтомуна 2-тиркеме

 

Жарандардын жыйынында делегаттарды шайлоо боюнча жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси

 

Квартал

Жооптуу депутаттар

 

1

Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы

Алымбекова Акылай Ишеналиевна

Жумаев Бекжан Урматович

Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна

Шаякматов Ниязбек Дүйшөнбекович

Энтериева Айнагүл Тезекбаевна

Бакенов Нургазы Женишбекович

Шайлообек кызы Бактыгүл

Омокоев Бактыбек Дүйшөбаевич

Бобушова Элнура Тентиевна

 

2

Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы

Мелисов Илгиз Мелисович

Муратова Жасмина Муратовна

Аскербек кызы Саламат

Замирбеков Толубай Замирбекович

Сейитказиева Майрамкүл Адылбековна

Тыналиева Сагынбүбү Күмөндөровна

Мамытбекова Венера Качкыновна

Жаныгулова Назира Мамбеталиевна

 

3

Ача-Кайынды айылы

Абыталыпов Жапар Жакыбалиевич   

Албанова Дүйшөбүбү Аманакуновна

Надырбекова Самара Токтоналиевна

Жумалы уулу Максатбек

Муханбет уулу Анарбек

Сасанова Эльмира Карагуловна

 

4

Ак-Жар айылы

Алыкеева Гүлнара Турганбаевна

Имашов Бексултан Кубанычбекович

Имашов Нурсултан Кубанычбекович

Пазылахунова Саида Калимжановна

Соромбаева Нурзада Бейшеналиевна

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
622
11
66
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет