Ат-Башы айылынын М. Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан ЛЭД экрандар жана жарнамалык щиттер үчүн ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XII сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жыл 14-октябры №12-2 Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын М. Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан ЛЭД экрандар жана жарнамалык щиттер үчүн ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 9-октябрындагы № 9 корутундусунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын аймагында жайгашкан ЛЭД экрандарга жана жарнамалык щиттерге жарнамаларды жайгаштыруу тартибин жана ижара акысын тартипке келтирүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
-
Ат-Башы айылынын М. Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан 2 даана ЛЭД экранга жарнама берүү үчүн төмөнкүдөй ижара акысы бекитилсин:
- Ат-Башы айыл аймагынын тургундары үчүн – айына 3000 (үч миң) сом;
- Башка айыл, райондор, облустар жана шаарлардан келген сунуштар үчүн – айына 10000 (он миң) сом;
- 2 мүнөткө чейинки роликтер үчүн жогорудагы баалар колдонулат;
- 2 мүнөттөн ашкан роликтерге баштапкы баанын 50 пайызы кошумча төлөнөт.
- Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан жарнамалык щиттерге жарнама берүү үчүн ижара акысы айына бир чарчы метри үчүн 600 (алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага У. Мелис уулу

