АРИСтин “Айылды инвестициялоо” долбоору аркылуу алынган Ача-Кайынды айылындагы МТЗ 892-2 тракторунун кызматынан түшкөн жылдык кирешенин 3 (үч) пайызын айыл өкмөтүнүн бюджетине багыттоо жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

24-октябрь 2025-жыл № 13-2                                                                        Ат-Башы айылы 

 

АРИСтин “Айылды инвестициялоо” долбоору аркылуу алынган Ача-Кайынды айылындагы МТЗ 892-2 тракторунун кызматынан түшкөн жылдык кирешенин

3 (үч) пайызын айыл өкмөтүнүн бюджетине багыттоо жөнүндө

 

Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 21-октябрындагы №6 корутундусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын аймагындагы АРИСтин “Айылды инвестициялоо” долбоору аркылуу алынган МТЗ 892-2 трактору айыл чарба иштеринде жана коомдук кызмат көрсөтүүлөрдө пайдаланылып келет. Трактордон түшкөн кирешенин бир бөлүгүн айыл өкмөтүнүн бюджетине багыттоо жана техниканын ээсинин жоопкерчилигин тактоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

  1. Ача-Кайынды айылындагы МТЗ 892-2 тракторунун (шаймандары менен) кызмат акысынан түшкөн жылдык жалпы кирешеден чыгымдар жана амортизациялык төлөмдөр алынгандан кийин калган таза кирешенин 3 (үч) пайызы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебине төгүлсүн.
  2. Трактордун ээси менен Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ортосунда расмий келишим түзүлсүн, анда кызмат көрсөтүү тартиби, кирешелерди бөлүштүрүү, жана жоопкерчиликтер так көрсөтүлсүн.
  3. Түшкөн каражат айыл аймагынын социалдык жана инфраструктуралык муктаждыктарына пайдаланылсын.
  4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге милдеттендирилсин;
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                                                 У. Мелис уулу

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
622
11
66
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет