Ат-Башы айылындагы “Мистекан Сооронбаева” атындагы паркынын курулушунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угуу жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

24-октябрь 2025-жыл № 13-4                                                                       Ат-Башы айылы 

 

Ат-Башы айылындагы “Мистекан Сооронбаева” атындагы паркынын курулушунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Ат-Башы айылынын Карыялар кеңеши тарабынан «Мистекан Сооронбаева» атындагы парктын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу түшкөн кайрылуунун негизинде, аталган парктын курулушунун учурдагы жүрүшү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоев берген маалыматы угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

  1. Ат-Башы айылындагы «Мистекан Сооронбаева» атындагы парктын курулушунун учурдагы абалы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин берген маалыматы эске алынсын.
  2. Жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын “Жаратылышты коргоо боюнча өнүктүрүү фондуна” өздүк салым катары бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сомдун ичинен аталган фонд тарабынан 3 000 000 (үч миллион) сомго металл тосмо куруу жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери аткарылгандыгы, ал эми калган 2 000 000 (эки миллион) сом айыл өкмөтүнүн эсебине кайтарылып түшкөндүгү белгиленсин.
  3. «Мистекан Сооронбаева» атындагы парктын алдына унаа токтотуучу жай  уюштуруу, парктын ички тазалоо иштерин камсыз кылуу жана инвесторлор менен кызматташуу багытында иш алып баруу Ат-Башы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
  5. Аталган маселени көзөмөлдөө бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                                                 У. Мелис уулу

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
622
11
66
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет