“Айыл банк” ААКка тиешелүү болгон жер аянтынан сырткары муниципалдык менчиктеги 28,2 чарчы метр жер аянтын мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын
ТОКТОМУ
6-ноябрь 2025-жыл № 14-1 Ат-Башы айылы
“Айыл банк” ААКка тиешелүү болгон жер аянтынан сырткары муниципалдык менчиктеги 28,2 чарчы метр жер аянтын мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 Жер кодексинин 30-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 3-ноябрындагы №13 корутундусунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
- “Айыл банк” ААК Нарын филиалына караштуу Ат-Башы аймактык өкүлчүлүгүнө таандык Ат-Башы айылы, А. Сулайманов көчөсү №16 дарегинде жайгашкан имаратка тиешелүү жер тилкесинин мамлекеттик актыда көрсөтүлгөн аянттан тышкары, муниципалдык менчиктеги 9,7 чарчы метр жана 18,5 чарчы метр же жалпы 28,2 чарчы метр жер аянты бекитилип берилсин.
- Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага У. Мелис уулу

