“Чеч-Дөбө транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун маршруттук каттамынын кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын
ТОКТОМУ
6-ноябрь 2025-жыл № 14-2 Ат-Башы айылы
“Чеч-Дөбө транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун маршруттук каттамынын кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 4-ноябрындагы №7 корутундусунун негизинде, ошондой эле “Чеч-Дөбө транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун күйүүчү-майлоочу майлардын жана авто тетиктердин кымбаттагандыгына байланыштуу жол кирени жогорулатып берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
-
Ат-Башы айыл аймагындагы “Чеч-Дөбө транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун маршруттук каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу кызмат акысынын өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин:
- окуучулар үчүн – 10 (он) сом;
- чоңдор үчүн – 20 (жыйырма) сом.
- Маршруттук каттамдын иштөө убактысы кышкы мезгилде, башкача айтканда, 1-ноябрдан 1-февралга чейин иш күндөрү саат 19:00гө чейин жүргүзүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге жүктөлсүн.
- Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага У. Мелис уулу

