Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына даярдалган долбоорду бекитүү жана өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XV сессиясынын
ТОКТОМУ
27-ноябрь 2025-жыл № 15-4 Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына даярдалган долбоорду бекитүү жана өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 24-ноябрындагы №8 корутундусунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына даярдалган “Ак-Жар айылындагы Абдыкалый Ашырбеков атындагы маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу жана айланасын тосуу” долбоору жактырылып, бекитилсин;
- “Ак-Жар айылындагы Абдыкалый Ашырбеков атындагы маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу жана айланасын тосуу” долбоору үчүн 1 314 833 (бир миллион үч жүз он төрт миң сегиз жүз отуз үч) сом акча каражаты Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин;
- Долбоорду тийиштүү тарапка тапшырууну Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.
- Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага У. Мелис уулу

